16:06, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Лейлекте унаалар кагышып, 2 адам каза болуп, чет өлкөлүк адамдар жаракат алды. Видео

12:21, 5 жетинин айы 2019 26

Баракелде -  4-ноябрда Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Шор-Кудук аймагында болгон унаа кырсыктан 2 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн текскөөчүсү Чолпонбай Арстанбеков билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык Ош—Исфана унаа жолунун 384-чакырымында болгон. Аталган жолдо Лейлек районунун Андархам айылынын 55 жаштагы тургуну Ч.Э. айдап бара жаткан «Дэу Ланос» үлгүсүндөгү унаа менен Лейлектин Ак-Арык айылынын тургуну Р.Ж. айдап бара жаткан «Тойота Авенсис» кагышкан. Анын кесепетинен 2 унаанын айдоочусу жаракат алып, «Дэу Ланосто» бара жаткан 58 жаштагы М.М. менен 49 жаштагы Х.М. окуя болгон жерде каза болгон. «Тойота Авенсистеги» тажикстандык 5 адам — 19 жаштагы А.А., 1 жаштагы А.М., 27 жаштагы М.Р., 10 жаштагы М.З., 20 жаштагы С.Р. Сүлүктү шаардык ооруканасына жеткирилген.

Буга катар эле айдоочулар да оорукананын сыныктар бөлүмүнө жеткирилген. Учурда бул кырсык боюнча Лейлек РИИБ тарабынан тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком