16:04, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Чоң атасынын унаасын уурдап качкан өспүрүм кармалды. Сүрөт

На русском
11:35, 5 жетинин айы 2019 23

Баракелде -  Ысык-Көл облусунда автоунааны уурдап, айдап качкан эки фактынын бети ачылды. Бул тууралуу 5-ноябрда ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Каракол ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө эки тургун кайрылып, белгисиз адамдар унааларын уурдап, качып кетишкенин билдиришкен.

С.Д. аттуу жабырлануучунун айтымында, белгисиз адамдар «Ниссан Террано» үлгүсүндөгү унаасын Кыдыр-Аке көчөсүндө турган жеринен айдап кетишкен. М.Ш. аттуу экинчи жабырлануучу саат 02:00 чамасында белгисиз адамдар Орозбеков көчөсүндөгү гаражда турган «Ауди-80» үлгүсүндөгү унаасын айдап кетишкенин айткан.

Эки факт тең Каракол ШИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. «Ууру» жана «Авто издөө» рейдинин жүрүшүндө уурдалган унаалар табылган. «Ниссан Тиррано» унаасы Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы талаадан, ал эми «Ауди 80» үлгүсүндөгү унаа Каракол шаарынын четинен табылды.

Тергөө-издөө иштеринин жүрүшүндө «Ниссан» унаасын айдап качкан Каракол шаарынын 25 жаштагы тургуну Ж.Артур, ал эми «Ауди» унаасын айдап качкан Караколдун 17 жаштагы тургуну Ш.Максим кармалды. Экинчи шектүү жабырлануучунун небереси болгон.

Учурда бул фактылар боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикирлер