16:01, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Кайын иниси өлтүрүп, жарга көмүп салган адамдын денеси 13 жылдан соң табылып»: Ысык-Көлдөгү окуянын чоо-жайы

На русском
09:12, 5 жетинин айы 2019 80

Баракелде -  Түп районунда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүп, патологиялык анатомия бөлүмүндө иштеген Төңтөртов Эсенбек аксакал 77 жашка толду. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас облусунда төрөлгөн.

«Өзүм Таластын кулунумун. 1965-1968-жылдары аскерде кызмат өтөп келип, 1977-жылы борбор калаадагы медициналык институттун дарылоо бөлүмүн бүтүрдүм. Ал кезде Саламаттыкты сактоо министрлиги кызматка өзү дайындап, мени Нарын облусуна патологиялык анатомия бөлүмүнө бөлдү. Алгачкы иш тажрыйбамды Теңир-Тоодон баштап, 16 жыл иштедим», - деди ал.

Каарманыбыз 1993-жылы Ысык-Көлгө которулуп келген. Түп райондук ооруканасында жайгашкан өлүкканада иштеп жүрүп үй-бүлө күтүп, 3 кыз, 2 уулду тарбиялап, ушул жерде отурукташып калды.

«Иштеп жүрүп көп окуяларды баштан өткөрдүк. Уксус ичип, муунуп, киши колдуу болуп көз жумгандар канча. 1997-жылдары караколдук уйгур адам киши колдуу болуп каза болуп, Маяк айылындагы көлдүн жээгинде кумга көмүлүптүр. Милиция кызматкерлери иликтеген соң маркумдун сөөгү 1 жылдан кийин табылган. Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн маркумду өлүкканага алып келгенде денеси таанылбай, сасып, чирип, курттап кетиптир. Жытына эч ким чыдаган эмес. Анын мойнуна оролгон жипти аныктап, экспертизанын жыйынтыгын бергенбиз. Кийин анын өлүмүнө күнөөлүүлөр табылган.

Райондогу айылдын тургуну башка облустан бир келин менен баш кошуптур. Кийин үйүнө кайын иниси келип арак ичишиптир. Андан кийин ызы-чуу чыгып, ал кишини кайын иниси учтуу буюм менен сайып өлтүрүп, жарга алып барып көмүп салыптыр. Ошол бойдон маркум дайынсыз болуп, денеси арадан 13 жыл өткөндө — 2000-жылдары табылган. Соттук-медициналык экспертиза жүргүзгөнү алып келишкенде ал адам скелет болуп калыптыр. Бирок кийими ошол бойдон экен. Биз анын киши колдуу болуп өлгөнүн учтуу буюм денесине сайылганда көйнөгүндө калган жыртыктан билдик. Мындай учурда экспертизанын жыйынтыгын кылдаттык менен карап чыгарабыз.

Бул кесипти аркалаганыма өкүнбөйм. Быйыл 77 жашка толдум. Жумушту жаш кадрларга өткөрүп берүүгө мезгил келди. Бирок өлүкканада иштебейм деген жаштар көп», - деди Эсенбек аксакал.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком