09:16, 8 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул
Учурда окулуп жатат
19:45, бештин айы 07 2019 (12 адам окуп жатат)
Тоңдо өспүрүмдөр жөө жүрүшкө чыгышты
13:26, бештин айы 06 2019 (4 адам окуп жатат)
Тоңдо жолбун иттер атылып жатат

«Айдоочу мени уккан жок, жетишпей калдым»: Жол тандабас тепселеп кеткен наристенин өлүмү

На русском
08:38, 5 жетинин айы 2019 1229
Окуя болгон жер
Окуя болгон жер

Баракелде -  Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйдүн короосунда 3 жаштагы баланы тебелеп кеткен «Тойота Секвойя» унаасы айып короого киргизилип, сотко чейики өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, бул факт Жазык кодексиндеги 297-берене (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча катталды. 3-ноябрда саат 16:00 чамасында 102 кызматына Абай көчөсүндөгү [Орозбеков, 2] көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда «Тойота Секвойя» унаасы жаш баланы сүзүп кеткени тууралуу билдирүү түшкөн.

«Окуя болгон жерге барган Биринчи май РИИБдин ыкчам тобу "Тойота Секвойя" унаасынын айдоочусу — 1987-жылы туулган О.С. 2016-жылы туулган А.А. аттуу баланы сүзүп кеткенин аныкташкан. Наристе Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, бирок алган жаракатынан улам эс-учуна келбей каза болду», - деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон көп кабаттуу үйдүн короосу тосулуп, ал эми кире беришинде өткөрүү пункту коюлган. Короодо балдар аянтчасы, аллея жайгашкан. Бардык жашоочуларда дарбазаны ачуучу ачкыч (чип) бар, балдар ата-энелери жок короодон чыкпайт. Ал эми тез жардам унаасы, газ кызматынын унаасына короого кирүүгө уруксат берилген. Ошондой эле жашоочулар чоң эмеректерди алып келсе унаа менен киришчү. Бирок бул окуяга чейин...

Көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жер төлөсүндөгү кичинекей бөлмөдө турак жай комплексинин башкаруучусунун иш бөлмөсү жайгашкан. Бул жердеги чогулушта жашоочулар короого атайын техникадан башка унааларды киргизбөө чечимин кабыл алышты.

«Абдан жаман», - деди чечим жазылган баракка кол коюп жаткан аял.

«Андан да жаманы — көрүп туруп эч кандай жардам бере албаганың», - деди окуяга күбө болгон эркек киши.

Окуя маркум наристе чоң апасынын үйүнө келип, бир туугандары менен короодо ойноп жатканда болгон.

«Саат 15:40 чамасында унаа токтотуучу жайдан чыгып, үйдү көздөй бара жаткам. Унаадан буюмдарын түшүрүп жаткан кошунамдын жанынан өттүм. Жаш бала менен подъездден чыгып бара жаткан чоң апаны көрдүм. Кокустан кыйкырган үндү угуп, үн чыккан тарапка бурулдум. Алыстан жаш бала унаанын артында калып, бамперди түртүүгө аракет кылып жатканын көрдүм. Баштыктарымды таштап, унаа тарапка чуркап, айдоочуга алдыга айда деп кыйкырдым. Бирок ал мени уккан жок. Мен жетишпей калдым. Дөңгөлөк наристени тебелеп кетти», - деди турак жай комплексинин башкаруучусу Азим Токтоналиев.

Азим Токтоналиев чуркап барганда айдоочу унааны алдыга айдап, унаадан түшкөн. Анын айтымында, короодо ойноп жаткан балдар окуяга күбө болушту.

«Чоң апа баланы өзүнө келтирүүгө аракет жасады. Биз тез жардам кызматына байланыша албай жаттык. Жеке тез жардам бригадалары да бош эмес экен. Андан кийин айдоочудан баланы ооруканага жеткирүүнү суранып, чоң апасы кошо кетти. Бул окуя 2-3 мүнөттүн ичинде эле болду», - деди Токтоналиев.

Жашоочулар короого кирүүгө тыюу салууга кол коюп, акча да чогултуп жатышат.

«Биз акчаны ага [чоң апа] каржылык жардам керек болгону үчүн чогулткан жокпуз. Анда баары бар. Бирок биз акча чогултууну чечтик. Башка кантип жардам беребиз?», - деди Азим Токтоналиев.

Эми аталган үйдүн короосуна унаа кирбейт. Ал эми кошуналар топтогон акча каза болгон наристенин үй-бүлөсүнө берилет.

Кыргызстанда жыл башынан бери жаш балдардын катышуусунда 1155 жол-транспорт кырсыгы болуп, 1369 өспүрүм жабыркаса, 65 өспүрүм каза болду.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком