11:03, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Тойго камданып жаткан аламүдүндүк үй-бүлө көчөдө калды (видео, сүрөт)

11:07, 4 жетинин айы 2019 13207

Баракелде -  Кызын турмушка узатууга камданып жаткан үй-бүлө бир заматтын ортосунда үй жайсыз калды. Чүйдөгү Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылында жайгашкан үй 20-октябрда (караңгыда) толугу менен күйүп кеткен.

Үйдүн кожойкеси Айдананын айтымында, бул үйдө ата-энеси жашашчу. Сиңдисин турмушка узатууга камданып, бир аз мурун үйдү оңдоп чыгышкан. Чет өлкөдө эмгектенген Айдана эс алууга келген болчу.

Ал эми күбөлөрдүн айтымында, үй 15 мүнөттүн ичинде эле толугу менен күйүп кетти. Анын ичиндеги адамдар бут кийимсиз, жеңил кийим менен гана чуркап чыкканга жетишкен.

Экспертизанын алдын ала корутундусунда өрткө электр жабдууларын колдонуу эрежелеринин бузулганы себеп болгону айтылган. Учурда бул үй-бүлө туугандарынын жана кошуналарынын үйүндө жашап жатышат. Алар жардамга муктаж.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком