15:23, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202048 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (81 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
14:55, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (21 адам окуп жатат)
«Франкфурт жана Маяне» деген төрага адашканынын себебин айтты

«Келгиле, окуйбуз!»: Баланы жаш кезинен китеп окуганга көндүрүү – ийгиликтин башаты!

09:06, Жетинин айынын төртү, 2019 (Жаңыланды: 09:28, Жетинин айынын төртү, 2019) 2928

Баракелде -  Бир нече жыл мурун баштапкы мектептин окуучуларынын окуу ылдамдыгына өтө көп көңүл бөлүнчү. Советтер Союзунан бери калган бул ыкмада жаш баланын текстти түшүнгөнүнө көп маани берилген эмес. Буга байланыштуу жаш балдардын окуу жөндөмү (жана китеп окууга болгон сүйүүсү) жакшы өөрчүбөй калган.

Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы Желкайып Касымбаева атындагы №2 гимназиясындагы башталгыч класстардын мугалими Бүбүхава Муратова USAID'дин «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында пайдаланып жаткан натыйжалуу ыкмаларды мисал келтирип айтып берди.

«Мурдагы бир мүнөттө 120 сөз окуш керек деген талап эскирди. Анткени механикалык окууда мээнин кабыл алуусу азаят. Ошол эле учурда баланы окутуп туруп, андан кийин түшүндүңбү деп сурасак көп учурда түшүнбөгөнүн айтышчу. Ошондуктан биз семинарларда колдонгон кырааты менен окуу, ролго кирип окуу сыяктуу ар кандай көнүгүүлөрдү пайдаланууну ишке ашыргандан кийин, окуучулар тексттин мазмунуна көбүрөөк көңүл бурушуп, текстти түшүнүү деңгээли абдан жогорулады. Бул ыкмаларды натыйжалуу пайдаланууда "Келгиле, окуйбуз!” долбоору берген чоң сүрөттөрдү камтыган, чоң тамгалар менен жазылган жана чакан тексттен турган китептер балдарды өздөрүнө тартып баштады».


«Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында бала текстти жалгыз гана шар окуу менен чектелип калбастан, окуганын түшүнүүгө басым жасалат. Азыркы күндө бул абдан актуалдуу маселелердин бири. Анткени балдар интернеттен көз каранды болуп, адабий чыгармаларды түшүнмөк турсун, окубай да калып жатышат.

Адатта ата-энелер баласы шар окуса эле кубанышат. Бирок бала башталгыч классында окуганын түшүнө албаса, анда класс улам жогорулаган сайын кошулган предметтерди кантип түшүнөт? Эгерде жакшы жыйынтык болбосо, анда баланын кабыл алуусу, улам жаңы билимди сиңирүүсү жетиштүү болобу? Жаш балдардын окуу жөндөмүн күчөтүүнү көздөгөн USAID'дин «Келгиле, окуйбуз!» долбоору миңдеген баштапкы мектеп мугалимдерине китеп окуунун кызыктуу жана интерактивдүү жолдорун колдонууну, заманбап жана натыйжалуу усулдарды үйрөтүү менен бирге, мектептерде жетишсиз болгон сапаттуу окуу китептер менен да камсыз кылып келет.

Аталган долбоордун алкагында Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирге максаттуу мектептеги башталгыч класстардын окуучулары үчүн кошумча окуу китептерин басып чыгарылып жана таратылып жатат. 2019-жылдын март айында биринчи партиясын, ал эми 30-сентябрда экинчи партиясы менен биргеликте 494,507 даана китеп министрликке тапшырылды. Ошондой эле 2020-жылдын аягына чейин дагы мектептер жана китепканалар үчүн 1,2 млн даана китепти жарыкка чыгарып, окуучуларга жеткирүү максаты бар. Китептерде 55 түрдүү (кыргыз жана орус тилиндеги) жомоктор, аңгемелер, ырлар жана математикалык ой жүгүртүүчү тексттер камтылган.

Кыргызстандагы эң алгачкы уникалдуу инновациялык курал — сөздөрдүн эсептегичи (сөздөрдүн калькулятору)

Артыкчылыктар, натыйжа, жаңы ыкмалар жана методдор — жандуу мисалдарда

Нарын шаардык билим берүү бөлүмүндөгү адис:


«Долбоордун дагы бир өзгөчөлүгү жакшы ойлонулган эл аралык мыкты методика менен мугалимдер, методисттер, директорлорду, китепканачыларды жана ата-энелерди камтыганында. Мурун окуучуларга окуп берип, текст боюнча суроолорду гана берип келгенбиз. Чынын айтсак мындай сабактар кызыксыз болуп, баланын түшүнүп жатканы башкы орунда эмес эле.

Жада калса буга чейин балдарына китеп сатып бербеген дагы ата-энелер болгон. Азыр болсо долбоордун алкагында өткөрүлгөн семинарлардан кийин, анан ушундай сонун китептерди алгандан кийин кадимкидей коомчулук жакшы көңүл буруп, балдарына китеп сатып берип, ата-энелер балдары менен бирге окуп башташты».

Аталган долбоор АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан каржыланып, Кыргызстандын 900 мектебинде ишке ашырылып жатат.

ЮСАИД

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком