11:04, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Дубайдын канзаадасы Ташкентке барып, өзбек президентинин үй-бүлөсү менен жолугушту

На русском
18:35, 1 жетинин айы 2019 259

Баракелде -  Дубайдын 36 жаштагы мураскер канзаадасы шейх Хамдан бин Мухамед аль-Мактум Өзбекстандын Ташкент шаарына барды. Бул тууралуу канзаада социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

«UzNews.uz» басылмасынын маалыматтарына караганда, кечээ, 31-октябрда Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропортуна Дубайдан учуп чыккан эки учак конгон. Канзаада Ташкентке кандай иш сапар менен барганы азырынча белгисиз.

Буга чейин Өзбекстандын Навои облусунда Дубайдын канзаадасы тоодактарга аңчылык кылган. Облустан 50 чакырым алыс жакта тоодакты (канаттуунун түрү) багуу жана сактоо боюнча атайын борбор жайгашкан. Ал 2008-жылы Дубайдын эмири Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумдун демилгеси менен түзүлгөн. Ошол жылдан бери борбордун кызматкерлери жапайы жаратылышка 10 миңден ашуун тоодак кое беришкен.

Падышанын үй-бүлөсүнүн өкүлдөрү буга чейин дагы Өзбекстанда аңчылык уюштуруп турушкан.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком