04:32, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020
22:00, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 20202492 Гинекологиялык сөздөрдүн кыргызча айтылышы
21:19, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 2020167 Юрий Краковецкий Израилдеги турнирде 7-орунга ээ болду
21:05, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 20201278 Панфиловдогу арыктын «картасын» түшүргөн эшек
20:07, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 20201277 Сокулуктагы ооруканада дарыгерлер мушташты
19:59, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 2020687 Россияда кыргызстандык мигранттар кармалды
Учурда окулуп жатат
11:21, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 2020 (6 адам окуп жатат)
Өзгөчө ысым: Атыма тили келбегендер бар, - Ысык-Көлдүн тургуну
10:41, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 2020 (5 адам окуп жатат)
Түндө туулган күн белгилеп, кафеде жулмалашкан айымдар
22:00, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 2020 (2 адам окуп жатат)
Гинекологиялык сөздөрдүн кыргызча айтылышы

Көк-Жарда жаш жигиттердин жаңжалы ок атуу менен аяктады

На русском
17:50, Тогуздун айынын жыйырма тогузу, 2019 318
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында жаш жигиттердин ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен бири октон жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, 23-октябрда Аламүдүн РИИБге Бишкек шаарынын 22 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, эки таанышы сабап, андан кийин травматикалык тапанча менен бир нече жолу бутуна атышкан. Бул факт Жазык кодексиндеги 39-130-берене (адам өлтүрүүгө аракеттенүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Тергөөнүн жүрүшүндө 23-октябрда жабырлануучу шектүүлөрдүн бири менен телефондо сүйлөшүп жатканда кайым айтыша кетишкени аныкталды. Жабырлануучу шектүүлөр менен Көк-Жар айылында жолугушуп, алардын ортосунда жаңжал чыккан. Шектүүлөр арыз ээсин сабап, бир нече жолу бутуна ок атышкан.

Шектүүлөрдүн өздүгү аныкталды. Учурда алардын жүргөн жерин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, тергөө улантылып жатат», - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком