22:59, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Айыл турмушу: Мугалим З.Асанбаеванын көздү уялткан эмгектери (сүрөт)

08:55, 2 бештин айы 2019 57

Баракелде -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын 35 жаштагы тургуну Замира Асанбаева өзүнүн негизги кесибинен тышкары кол өнөрчүлүк менен дагы алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал кесиби боюнча химия жана биология сабагынан мугалим. 14 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенет.

«Айылга келин болуп келгенден бери гүл өстүрөм, кийизден паннолорду жасайм. Жасоо ыкмаларын интернеттен карап үйрөндүм. Жасаган эмгектеримди 2500 сомго чейин сатам. Көбүнчө туулган күнгө, көргөзмөлөргө буйрутма беришет. Мугалимдик кесип менен бирге кол өнөрчүлүктү дагы бирдей алып келе жатам. Окуучулар эс алуу убагында кол өнөрчүлүккө көп көңүл бурам.

Мындан тышкары гүлдүн 20дан ашык түрүн өстүрүп, аларды 100 сомдон сатам. Гүлгө жакшы көңүл бөлүнсө эле алар жакшы өсөт. Келечекте ушул ишимди өнүктүрүп, чакан дүкөн ачууну пландап жатам», - деди ал.

Замира Асанбаева үч кыз, бир уулдун апасы.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком