16:07, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Айыл турмушу: Өткөн кылымга таандык сааттарды саткан уста К.Мехманбаев. Видео

11:10, 29 тогуздун айы 2019 (Жаңыланды: 17:10, жетинин айы 07 2019) 19

Баракелде -  Ош шаарынын 51 жаштагы тургуну Кахоржан Мехманбаев 33 жылдан бери саат оңдоп, үй-бүлөсүн багып келет. Анын устаканасында 50-60 жыл мурун чыгарылган сааттар сакталган. Алардын бири 1960-жылдарга таандык. Уста менен аймактык кабарчы таанышты.

Кахоржан Мехманбаевдин айтымында, эски сааттарды оңдоткону алып келишкен кардарлардын айрымдары аларды кайра алып кетишкен эмес. Эски сааттардын сапаты азыркы сааттарга караганда бир топ жакшы болгондуктан, аларды сатып алгандар дагы бар.

«Жаш кезимде комбайн айдаганга кызыкчумун. Бирок биринчи топтогу майып болгондуктан мага айдаганга болбойт экен. Кийин бир орунда эле отуруп иштешим керек болгондуктан саат оңдоп калдым. Жаш кезимде бул иште кыйынчылыктар көп болуп, үйгө ыйлап барган күндөрүм дагы болгон», - деди уста.

Кахоржан Мехманбаев бухгалтер кесибин окуган. Балдарына саат оңдоп иштегиле деп көп жолу айтып, аларды иштетип дагы көргөн. Бирок балдары бул жумушту үйрөнө алышкан эмес. Уста саат оңдоп, күнүнө орточо эсеп менен 50 сомдон 1000 сомго чейин киреше таба турганын айтты.

«Ар бир жумуштун кыйынчылыгы бар. Кээ бир күндөрү кечке чейин иштеп, 50 сом тапсам, кээ бир күндөрү 1000 сом табабыз. Азыр заманга жараша сааттарды оңдоткондордун саны азайып жатат. Бизге эски сааттарды оңдоого көп алып келишкендиктен, аларды оңдоодо эски саттардын тетиктерин колдонобуз. Ушул жерде калган эски сааттарды 3000 сомго чейин сатам», - деди Кахоржан Мехманбаев.

Уста 2 уул, 2 кыздын атасы.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком