17:08, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020
16:10, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 202056 Баткен районунда 3 миңден ашык ит каттоого алынды
Учурда окулуп жатат
13:46, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (123 адам окуп жатат)
«Фашисттик белгиби?» Нарын районундагы карагайлуу токойду кимдер түптөгөн?
12:41, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (90 адам окуп жатат)
Кафеде эс алып жаткан аялдын бетин тепкилеген кримчөйрөнүн өкүлү кармалды. Сүрөт
16:47, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (67 адам окуп жатат)
Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн Анара менен Нуртилек дайынсыз жоголду
13:34, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (44 адам окуп жатат)
Ысык-көлдүк Максат Дорбаев Оштогу Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Бишкекте эки аял 11 адамдан 96 миң доллар алдап алышкан

На русском
09:35, Тогуздун айынын жыйырма тогузу, 2019 185
Шектүүлөр
Шектүүлөр
// Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы

Баракелде -  Бишкек шаарында милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелип эки аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, 23-октябрда милицияга 11 жашоочу кайрылган. 2018-жылдын сентябрь айынан бери алардын ишенимине кирип, Америка жана Норвегияга виза жасап берүүнү убалап, акча алгандан кийин качып кеткен эки аялга чара көрүүнү өтүнүшкөн. Жабырлануучуларга жалпы 96 миң доллар материалдык зыян келтирилген.

«Бул факт Жазык кодексиндеги 204-берене (алдамчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1973-жылы туулган З.Ж. менен 1960-жылы туулган О.Н. кармалып, ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешесин текшерүү үчүн кошумча тергөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөрдөн жабыркагандар 0(550) 102-168, 0(555) 888-864 телефон номурлары же 102 кызматы аркылуу кайрылса болот.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком