16:42, Бирдин айынын он жетиси, 2020
16:06, Бирдин айынын он жетиси, 2020438 Чүйдөгү ооруканада бейтап өз өмүрүн кыйды
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (61 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды

Салыкчылар дистанттык жол менен билим алышты

08:31, Тогуздун айынын жыйырма сегизи, 2019 80

Баракелде -  Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери онлайн жол менен билимин жогорулатып жатышат. Учурда ишке ашып жаткан пилоттук долбоордун алкагында 200гө жакын кызматкер дистанттык шартта окуудан өтүшкөнүн ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Окутуу Япон эл аралык кызматташуу агенттиги (JICA) менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «МСКнын кадрдык потенциалын өнүктүрүү системасын жакшыртуу» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

«Кызматкерлер бир айдын ичинде эки багыттагы дистанттык окутуу жолу менен квалификациясын жогорулатышты. “КР салык мыйзамдары” курсу Салык кызматына биринчи жолу кабыл алынган кызматкерлер жана кенже инспектордук курам үчүн даярдалган. “КР салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү” курсунун угуучулары Мамлекеттик салык кызматынын жетектөөчү курамы жана орто инспектордук звенодогу кызматкерлер болушкан.

Дистанттык (электрондук) окутуу системасынын жардамы менен салык кызматынын кызматкерлери смартфондун, ноутбуктун жана жеке компьютердин жардамы менен иш учурунда жана аз гана убакыттын ичинде өз квалификациясын жогорулатуу жана билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком