Айпери Медет кызы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатына катышат
На русском
08:11, 23 тогуздун айы 2019
129
Баракелде - Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатына катыша турган Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы белгилүү болду. 23 жашка чейинки балбандар арасында боло турган турнир 30-октябрдан 1-ноябрга чейин Венгриянын Будапешт шаарында өтүп, жалпысынан 10 топтом медаль ойнотулат.
Кыргызстандын күрөш боюнча федерациясы билдиргендей, турнирде Кыргызстандан 9 балбан күч сынайт.
Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы:
- 57 кг чейин — Нураида Анаркулова;
- 59 кг чейин — Назира Марсбек кызы;
- 76 кг чейин — Айпери Медет кызы;
- башкы машыктыруучу — Нурбек Изабеков;
- дарыгер — Нуршида Иминова;
- калыс— Саитдин Азизбаев.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком