18:54, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектеги спорттук шаарчанын аймагында кандай объекттер курулат?

На русском
16:15, 22 тогуздун айы 2019 98

Баракелде -  Бишкектеги спорттук шаарчанын аймагына бир нече спорттук курулмаларды куруу пландалып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынын биринчи вице-президенти Аскар Салымбеков «КТРК Спорт» берүүсүнүн эфиринде билдирди.

«Президенттин буйругу менен мэрия жана Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик бардык адистерди чогултуп иштеп жатышат. Шаардын түштүк бөлүгүндө чоң спорттук комлекс куруу үчүн 30 гектар жер бөлүнөт. Учурда 12 гектар жер берилди. Жакында мэрия дагы 18 гектар жер бериши керек. Андан кийин этаптык иштер башталат», - деди Аскар Салымбеков.

Анын айтымына караганда, спорттук шаарчанын айланасына төмөнкү объекттер курулат:

- футболдук стадион — 30-35 миң орун;

- универсалдуу спорт сарайы — 7-8 миң орун;

- муз аянты — 5 миң орун;

- жабык бассейн — 3 миң орун.

Өкмөттүн 2019-жылдын 6-сентябрындагы токтомуна ылайык, «Бишкек штамптоочу завод» мамлекеттик ишканасынын чарбалык карамагындагы жер тилке өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалык» мамлекеттик мекемесине мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүлүп берилди. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясына жогорудагы объектиге жакын жайгашкан 18 гектар жер тилкесин берүү сунушталган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком