Венгриядагы эркин күрөш боюнча турнирге Кыргызстандан кимдер катышат? (тизме)
На русском
13:33, 22 тогуздун айы 2019
88
Баракелде - Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курамасы Венгриядагы дүйнө чемпионатына катышат.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын атынан 23 жашка чейинки 9 балбан турнирге катышат. Чемпионат Будапешт шаарында 28-30-октябрь күндөрү өтөт. Жалпы 10 топтом медаль ойнотулат.
Кыргызстандын курамасынын тизмеси:
57 кг чейин – Алмаз Сманбеков
61 кг чейин – Улукбек Жолдошбеков
65 кг чейин – Эрназар Акматалиев
70 кг чейин – Исламбек Орозбеков
74 кг чейин – Мансур Сыргак уулу
79 кг чейин – Атай Изабеков
86 кг чейин – Сымбат Сулайманов
92 кг чейин – Динисламбек Таалайбеков
125 кг чейин – Музафар Жаппуев
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком