20:26, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020
19:32, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 202069 Жалал-Абадда балдардын өлүмү өстү
18:31, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 202056 Ошто чет өлкөлүк студентти сабап кетишти
18:19, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020917 «Бир өлүмдөн аман калдым»: Экс-депутаттын ачык баяны
18:06, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 202084 Нарында «Кыш жана балдар» иш-чарасы өтүп жатат
18:03, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020225 Видео: Бишкекте «Тойота» унаасы күчүктү тебелеп кетти
Учурда окулуп жатат
13:03, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (59 адам окуп жатат)
«Курсак курулдап, нанга жетпей...»: 1990-жылдардагы жашоо эсиңиздеби?
15:36, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (37 адам окуп жатат)
Кычыраган суукта Ат-Башынын эли нааразычылык акциясына чыгышты. Видео
16:28, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (27 адам окуп жатат)
Эродүйнө: Биринчи түн же турмуш курууга даярданып жаткан кыздарга кеңеш
14:17, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (18 адам окуп жатат)
Коронавирус: Кытайдагы кыргызстандык студенттер эмне дейт?

«Tokyo Rope MFG» корпорациясы Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар

На русском
18:26, Тогуздун айынын жыйырма бири, 2019 233

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-октябрда Япониянын Токио шаарына иш сапары менен барган.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапардын алкагында «Tokyo Rope MFG» корпорациясынын башкы кеңсесине барды. Мамлекет башчы корпорациянын ишмердиги менен таанышып, анын башкармалыгынын төрагасы Шигето Танака менен жолугушту. Тараптар инвестициялык кызматташтыктын келечегин талкуулашкан.

Мындан сырткары С.Жээнбеков 2017-жана 2018-жылдары Бишкектеги жолугушуулардагы макулдашуулардын баары бүгүнкү күндө ишке ашканын, Кыргызстанда корпорациянын кичи ишканасы ийгиликтүү иштеп жатканын баса белгиледи.

«Бизнес инвестициялар бизге аба менен суудай керек. Биз Япония менен, Сиздикиндей ири корпорациялар менен кызматташууга кызыкдарбыз. Япония бизге көз карандысыздык алгандан бери көп жардам берди», - деди өлкө башчы.

Ал эми Шигето Танака корпорациянын Бишкек шаарындагы кичи ишканасынын ишмердигин кеңейтүү боюнча пландар менен бөлүштү. Ошондой эле Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө корпорация кызыкдар экенин өзгөчө белгиледи.

«Биз заманбап, япон инновациялык технологияларын киргизүү жолу менен Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө өз салымыбызды кошкубуз келет», - деп белгиледи ал.

«Бишкектеги «Tokyo Rope MFG» корпорациясынын кичи ишканасынын кызматкерлери аткарылып жаткан иштер жана жакынкы келечектеги пландар тууралуу айтып беришти.

Корпорациянын кичи ишканасы Япония өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырат. Учурда БишкекОш жолунун бир бөлүгүндө көчкүгө каршы курулуштар орнотулуп жатат. Жакынкы мезгилде буга окшогон жумуштар аталган жолдун башка бөлүктөрүндө да башталат», - деп айтылат маалыматта.

«Tokyo Rope MFG» — дүйнө жүзү боюнча жогорку технологиядагы болот аркандарды чыгаруучу ири ишканалардын бири. Корпорациянын Бишкек шаарындагы кичи ишканасы 2017-жылы ачылган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком