16:06, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул
15:21, 13 бештин айы 201914 14-декабрга карата аба ырайы

Ишкердин өлүмү: Шектүүлөрдүн экөө мурун укук коргоо органдарында эмгектенген

На русском
11:10, 20 тогуздун айы 2019 2349

Баракелде -  37 жаштагы ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмү боюнча кармалган шектүүлөр тууралуу милициядан маалымат беришти.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 18-октябрда жалпысынан 8 киши кармалып, анын төртөө күбө катары сурак беришти. Ал эми кылмышка негизги шектүү катары кармалган жарандар: Нарын облусунун 1964-жылы туулган К.Э. аттуу тургуну, Бишкек шаарынын 1990-жылы туулган Ш.У. аттуу тургуну, Ысык-Көл облусунун 1990-жылы туулган Б.К. аттуу тургуну жана Казакстандын 1986-жылы туулган Д.В. аттуу жаран Бишкек ШИИБдин абагына камакка алынды.

Свердлов РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери «Сосновка» постунан уурдалган «ВMW X5» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Аны күбөлөрдүн бири башкарып бара жаткан.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдөн ишкердин денеси казылган жер тууралуу маалымат алынган. Дене Нарын облусундагы Кочкор районунун аймагында көмүлгөн.

Шектүүлөрдү ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын, Бишкек ШИИБдин жана Свердлов РИИБдин ыкчам тобу ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун аскерлери менен кармашты. Учурда тергөө жүрүп жатат.

АКИpress агенттигине маалым болгондой, 55 жаштагы К.Э. аттуу шектүү укук коргоо органдарында эмгектенип, пенсияга чыккан. Алдын ала маалыматтарга караганда, 2016-жылы ал опузалап акча талап кылуу боюнча кылмыш жообуна тартылган. Ошондой эле 29 жаштагы Ш.У. аттуу шектүү 2014-жылга чейин Чүй ОИИБде эмгектенген.

--------------------------------------------------

Ишкер 4-октябрда өзүнүн автоунаасы менен Бишкек шаарындагы «Мадина» базарынан чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Аны туугандары жана милиция кызматкерлери издеп жаткан.

ШИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 5-октябрда Свердлов РИИБге И.З. аттуу жаран азыр менен кайрылган. Анын айтымында, 38 жаштагы агасы Хуфур Абдурахмен 4-октябрда саат 18:00 чамасында «Мадина» базарынан мамлекеттик номуру 03KG260ABJ болгон «БМВ Х5» үлгүсүндөгү унаа менен үйүнө кеткен.

АКИpress агенттигине өздүк булактар билдиргендей, маркум ишкер «Мадина» кафесинин ээси.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком