23:30, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Мамлекеттик жер тилкелерди берүү тартиби жөнүндөгү жобо бекитилди

19:39, 19 тогуздун айы 2019 86

Баракелде -  Мындан ары мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө жаңы жобо иштеп баштайт. Ал тууралуу чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 19-октябрда билдирди.

«Мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө жобо айыл чарба, жайыт жерлеринин мамлекеттик фондунун, мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө коруктагы аймактардын, ден соолукту чыңдоочу багыттагы жаратылыш аймактарынын жерлеринен башка мамлекеттик менчиктеги жерлерди жеке жана юридикалык жактарга, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучуларга пайдаланууга берүү тартибин аныктайт», - деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Бул жободо электрондук аукцион тартибинде объекттердин жеңилдетилген тибин белгилөө үчүн мамлекеттик жер пайдалануучулардын жер тилкелерин убактылуу пайдаланууга берүү каралган.

Ошондой эле өкмөттүн 2 токтому күчүн жоготту.

Алар:

- «Жерлерди пайдалануу (иштетүү) укугун (өзгөртүүгө уруксат берүү) берүү жөнүндө өтүнмөлөрдү кароо жана козгоо тартиби жөнүндө» 1998-жылдын 27-январындагы № 55 токтому;

- «Кыргыз Республикасынын жер фондунун категорияларынын жер тилкелерин кадастрлык баалоо боюнча жобону бекитүү жөнүндө» 2004-жылдын 2-сентябрындагы № 660 токтому.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком