03:10, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

37 салыкчы жазаланды

18:26, 19 тогуздун айы 2019 499

Баракелде -  Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын 9 айында 37 кызматкерине карата жаза колдонду. Буга жарандардын кайрылуулары негиз болгон.

Ведомствонун маалыматы боюнча, салык төлөөчүлөр жазуу жүзүндө, электрондук почта жана ишеним телефону, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кайрылышкан (жалпы 130 кайрылуу).

Тактоо иштеринен кийин бир катар кызматкерлерге ар кандай жаза колдонулган. Алардын ичинен 4 кызматкер кызматтан бошотулса, 8 кызматкер катуу сөгүш алып, 11 адамга сөгүш жарыяланып, 8 кызматкер эскертүү алса, 6 кызматкерге катуу эскертүү берилди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком