16:32, 20 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Мурунку күйөөсүн баңгизат менен карматкан аял. Окуянын чоо-жайы

На русском
19:34, 17 тогуздун айы 2019 (Жаңыланды: 08:10, тогуздун айы 18 2019) 787
Момент обыска машины Р.П.
Момент обыска машины Р.П.

Баракелде -  УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кармалды. Алар кызматынан кыянаттык менен пайдалануу жана дадилдерди бурмалоо фактысы боюнча айыпталып жатканын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылдын февраль айында Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери жабырлануучунун мурунку П.В. аттуу аялы менен сүйлөшүп алышып, П.Р аттуу жарандын унаасына 32 гр баңгизатты (гашиш) таштап коюшкан. Анын кесепетинен П.Р. баңгизаттарды мыйзамсыз сактоого шектелип кармалган.

Жазык кодексинин 320-беренесинин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 340-беренесинин (Кылмыш жасады деп мыйзамсыз айыптоо), 341-беренесинин (Жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлоо) жана 342-беренесинин (Дадилдерди бурмалоо) негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган иштин алкагында Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын Ч.Д. жана Б.У. аттуу кызматкерлеринин аталган кылмышка тиешеси бар экени аныкталды. Кармалган кызматкерлер Бишкектеги №1 убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком