02:50, 12 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстандык боксчу Азия чемпионатында күмүш тагынды

На русском
17:27, 17 тогуздун айы 2019 91
Арген Бактыбеков
Арген Бактыбеков
// ASBC

Баракелде -  Кыргызстандык спортчу Арген Бактыбеков бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында күмүш медаль утту. Учурда чемпионат Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жатат.

Бактыбеков 80 килограмм салмактагы спортчулар арасында күч сынаган. Ал Тажикстан, Иран, Бириккен Араб Эмираттарынын спортчуларын жеңип, финалга чыккан. Финал бүгүн, 17-октябрда өттү. Анда кыргызстандык спортчу атаандашына жеңишти алдырып, күмүш медалдын ээси болду.

Жыйынтык:

1/8 финал

Абубакр Юнусов (Тажикстан) — Арген Бактыбеков (жеңүүчү)

1/4 финал

Арген Бактыбеков (жеңүүчү) — Мохаммадхоссейн Эбрахимзаде (Иран)

Жарым финал

Арген Бактыбеков (жеңүүчү) — Абдуллах Альхосани (Бириккен Араб Эмираттары)

Финал

Арген Бактыбеков — Жахонгир Закиров (Өзбекстан, жеңүүчү)

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком