17:20, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020
16:10, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 202060 Баткен районунда 3 миңден ашык ит каттоого алынды
Учурда окулуп жатат
13:46, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (118 адам окуп жатат)
«Фашисттик белгиби?» Нарын районундагы карагайлуу токойду кимдер түптөгөн?
12:41, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (90 адам окуп жатат)
Кафеде эс алып жаткан аялдын бетин тепкилеген кримчөйрөнүн өкүлү кармалды. Сүрөт
16:47, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (61 адам окуп жатат)
Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн Анара менен Нуртилек дайынсыз жоголду
13:34, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (38 адам окуп жатат)
Ысык-көлдүк Максат Дорбаев Оштогу Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

А.Атамбаевдин иши: Ишкер Субихи Пархати тууралуу эмне белгилүү? (сүрөт)

На русскомEnglish
12:20, Тогуздун айынын он беши, 2019 475

Баракелде -  Ишкер Субихи Пархати кармалып, кайра Биринчи май райондук соту эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту.

Ага Жазык кодексинин 43-беренесиндеги 3-бөлүм («Кылмышка катышуу»), 215-берененин 2-бөлүмү («Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу»), 43-берененин 4-бөлүмү, 319-берененин 1-бөлүмү («Коррупция») боюнча айып тагылган.

Буга чейин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Пархати Субихи Вуфуерович 1991-жылы 27-майда Кара-Балта шаарында туулганын билдирген.

«Атасы апасын өлтүрдү деген шек менен убагында Казакстанга качып кеткен экен. Пархати Үрүмчүдөгү таене-таятасынын колунда чоңойгон. Кара-Балта шаарында аны бир туугандары апасы тараптан камкордукка алып, карап жүрүшкөн. Улуту боюнча казак», - деген башкы прокурор.

Анын «В контакте» социалдык тармагындагы баракчасында туулган жери Кара-Балта шаары жана улуту уйгур болуп көрсөтүлгөн. 2016-жылы М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде окуган.

Ал эми «Одноклассники» социалдык тармактагы баракчасында ал Казакстандын Астрахань шаарында жашаганы айтылат.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, Пархати «Форум» илимий-өндүрүштүк фирмасынын түзүүчүсү болуп эсептелет. Мындан тышкары ал Чжай Хунвей менен «Хуасинь» инвестициялык компаниясын негиздеген.

Ошондой эле Алмазбек Атамбаевге каршы айып тагуу боюнча түзүлгөн комиссияда Пархатинин ысымы аталган.

«Атамбаевдин Бирдиктүү салык декларациясын текшерүүдө 2017-жылы Пархатиден 54 млн сом түшкөнү аныкталган. Башкача айтканда, 2017-жылы Пархати Атамбаевден «Форум» илимий-өндүрүштүк фирмасын алган», - деп айтылган депутат Канат Исаевдин катында.

Депутаттын катында Пархати менен «АКА Петролеум» жана «АКА Инвест» компанияларынын байланышы айтылган. Ал эми «Азаттыктын» журналисти иликтөөсүндө 700 млн доллар өлчөмүндөгү каражаттын чыгарылышы Матраимовдорго байланыштуу экенин айткан. Аталган компаниялардын бири Сапар Исаков премьер-министр болуп турганда кол коюлган «Акылдуу шаар» долбооруна катышууга аракет кылган.

Сүрөттөр Субихи Пархатинин социалдык тармактагы баракчасынан алынды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком