16:47, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020
16:10, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 202037 Баткен районунда 3 миңден ашык ит каттоого алынды

Атамбаевдин иши: Ишкер Субихи Пархати кармалып, кайра бошотулду

На русском
11:31, Тогуздун айынын он беши, 2019 206
Биринчи май райондук соту
Биринчи май райондук соту
// АКИpress

Баракелде -  Ишкер Субихи Пархати эч жакка кетпөө тил каты менен камактан бошотулду. Бул маалыматты бүгүн, 15-октябрда АКИpress агенттигине Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

«14-октябрда Биринчи май райондук сотуна Аскер прокуратурасынын башкы прокурорунан ишкердин кармалышын мыйзамсыз деп табуу жана башка коргоо чарасын эч жакка кетпөө талабы менен үй камагына чыгарууга алмаштыруу тууралуу өтүнүч берилген. Бул сунуш толугу менен канааттандырылды», - деп айтылат басма сөз кызматынын маалыматында.

Ишкерге Жазык кодексинин 43-беренесиндеги 3-бөлүм («Кылмышка катышуу»), 215-берененин 2-бөлүмү («Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу»), 43-берененин 4-бөлүмү, 319-берененин 1-бөлүмү («Коррупция») боюнча айып тагылган. АКИpress агенттигине маалым болгондой, Пархати кечээ, 14-октябрда кармалган.

---------------------------------------------------------

Аскердик прокуратуранын тергөө тобу кылмыш ишти изилдөөнүн алкагында 14-августта Алмазбек Атамбаевге оор жана өзгөчө оор кылмыш иштерине шектелип жаткандыгы тууралуу билдирген.
Башкы прокуратура мурунку президент А.Атамбаев кайсы беренелер боюнча айыпталып жатканын санап берген. Анда Пархатинин да ысымы айтылган болчу.

* Мыйзамсыз баюу жана Пархати менен болгон сүйлөшүүсүндө ири өлчөмдөгү кирешелерди легалдаштыруу (Жазык кодексинин 215-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-2-пункту, 3-бөлүмүнүн 2-пункту, кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу).

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком