13:08, 9 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте бакка асынган жарандын жансыз денеси табылды

На русском
21:02, 13 тогуздун айы 2019 1524
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Бишкек шаарындагы Асанбай кичи районунда эркек кишинин жансыз денеси табылды.

Октябрь РИИБдин билдирүүсү боюнча, бүгүн, 13-октябрда саат 9:30 чамасында милиция бөлүмүнө Асанбай кичи районунда европа түспөлүндөгү эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ барып, бакка асынган адамды табышкан. Жарандын өздүгү такталып, ал 1975-жылы туулган Е.П. экени аныкталган.

«Алдын ала маалыматтарга караганда, акыркы күндөрү маркумдун жумушунда көйгөйлөр жаралып, карызы да болгон», - деп айтылат маалыматта.


Маркум «BOOM Studio» компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Егор Паньшин экенин АКИpress агенттигине өздүк булактар билдирди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком