08:53, 14 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кеминде мурунку аялын зордуктоого шектелип 28 жаштагы жаран кармалды

На русском
10:52, 12 тогуздун айы 2019 133

Баракелде -  Кемин шаарында мурдагы аялын зордуктоого шектелип 28 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин 5-октябрда Кемин РИИБге Токмок шаарынын 27 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган болчу. Анын айтымында, 4-октябрь күнү 28 жаштагы Т.Т. аттуу мурдагы күйөөсү сабап, зордуктаган. Бул факт Жазык кодексиндеги 161-берене (зордуктоо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Шектүү 9-октябрда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми 11-октябрда Кемин райондук соту камакка алуу чечимин чыгарды. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком