16:36, 20 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Видео: Ошто мамлекеттик кызматкер пара менен кармалды

На русском
15:37, 10 тогуздун айы 2019 119
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан сый акыны мыйзамсыз алган жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Сентябрь айынын аягында Ош шаарынын тургуну мамлекеттик органдардын биринин кызматкери андан пара талап кылып жаткандыгы тууралуу арыз менен ички иштер органдарына кайрылган. Арызында Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун филиалынын бөлүм кызматкери өндүрүш объектисинин документтерин бүтүрүүгө уруксат кагазын берүү үчүн 10 миң сом акча каражатын талап кылып жаткандыгын билдирген.

Аталган факт ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 238-беренеси (кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

ИИМдин тиешелүү кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун Оштогу филиалынын жетектөөчүлүк курамынын кызматкери 10 миң сом акча каражатын алып жаткан учурда кармалды.

Учурда ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком