17:30, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Депутат: Бишкек—Ош каттамынын токтотулушу тармактагы абалыбыздын оордугун билдирет

На русском
11:12, 10 тогуздун айы 2019 73
депутат Уланбек Примов
депутат Уланбек Примов

Баракелде -  Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов үзгүлтүккө учураган Бишкек—Ош каттамы тууралуу айтты.

Анын айтымында, бул маселе боюнча өкмөт чара колдонушу керек.

Депутат өкмөттүн өкүлдөрүнө кайрылып: «Биздин канчалаган жарандар, картаңдар, жаш балдар иш-чараларга Ош шаарына жөнөп, бирок үчтөн ашуун каттам токтотулуп, бир топ ыңгайсыздыктар жаралды. Бул эмнеден кабар берет? Бул биздин авиа тармагындагы абалыбыздын оордугун, ал жерде бир топ маселелер бар экенин билдирет. Себеп дегенде бүгүнкү күнү авиакомпания акчаны кайра кайтарып берүү боюнча маселени көтөрүп жатат. Бирок ал жерде компенсация тууралуу сөз жок.

Эгерде үч каттам токтой турган болсо эмне үчүн алдын ала "уведомление" (эскертүү) берилбейт? Ушул боюнча биздин өкмөт чара көрүш керек жана тиешелүү чечимдерди кабыл алыш керек. Себеп дегенде бул каттам менен көп жарандар каттап жатат. Андан сырткары "самолеттордун" (учак) паркы тууралуу бир топ маселелер болуп жатат. Ушуга көңүл бурсаңар», - деди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком