00:53, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Чүйдө «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрү кармалды

На русском
10:31, 10 тогуздун айы 2019 60

Баракелде -  Чүй ОИИБдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды.

ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, экстремисттик аракеттерди аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралар өткөрүлгөн. Иш-чаралардын жүрүшүндө өлкө аймагында тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун 48 жаштагы Б.К. аттуу мүчөсү кармалды. Ал интернет түйүндөрүнө экстремисттик материалдарды тараткан.

Мындан сырткары Аламүдүн районунда дагы аталган уюмдун мүчөлөрү кармалды. Алар элди үгүттөөгө шектелүүдө. Шектүүлөрдүн үйүн тинтүү учурунда уюмдун 6 китеби, 19 баракчасы табылды. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком