00:48, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектеги гүлбакча 8 млн сомго көрктөндүрүлөт. Тендерди кайсы компания утуп алды?

На русском
10:28, 10 тогуздун айы 2019 150

Баракелде -  Бишкек шаарындагы М.Горький атындагы гүлбакчаны көрктөндүрүү үчүн өткөрүлгөн тендердин жеңүүчүсү аныкталды. Бул тууралуу шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын отурумунда Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Азамат Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, көрктөндүрүү иштерине 8 млн сом каралган.

«Биринчи тендер жокко чыгарылып, кайрадан тендер жарыяланган. Анын жыйынтыгы белгилүү болду. Учурда документтер келишим түзүү үчүн каралууда», - деди ал.

Тендердик документтерде гүлбакчаны көрктөндүрүү, таман таш төшөө, жаандын суусу агуучу жабдык жана түнкү чырактарды орнотуу иштери камтылат.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалымат боюнча, комиссия 4-октябрда жеңүүчүнү аныктады. Жеңүүчү — «Модерно Строй» ЖЧК.

Ал эми Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, компаниянын түзүүчүсү жана жетекчиси — Жумагулов Таалайбек Үсөнкулович, компания 2009-жылы 6-июлда каттоодон өткөн.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком