00:53, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Анталияда сексуалдык кулчулукка кабылган кыргызстандык кыз куткарылды

На русском
09:27, 10 тогуздун айы 2019 448

Баракелде -  Түркиянын Анталия шаарынын Серик районунда полиция кызматкерлери тарабынан сексуалдык кулчулукка кабылган 7 кыз куткарылды. Алардын арасында кыргызстандык кыз бар экенин «Haberler.com» басылмасы жазды.

Басылманын маалыматы боюнча, шектүү катары 7 адам кармалды. Полиция кызматкерлерине чет өлкөлүк кыздар сексуалдык кулчулукка кабылганы тууралуу маалымат түшкөн. Шектүүлөр жабырлануучуларды 4 үйдө кармап, иштетишкен.

«Алардын арасында бешөө түркиялык, бирөө кыргызстандык жана дагы бирөө молдовалык экени аныкталды. Шектүүлөрдү тинтүү учурунда уюлдук телефондор жана 860 түрк лирасы табылды. Ал эми кармалгандардын бешөө камакка алынды», - деп айтылат басылманын маалыматында.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком