00:52, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Новосибирсктеги массалык мушташ: Кармалгандардын арасында кыргызстандыктар жок

На русском
08:57, 10 тогуздун айы 2019 41

Баракелде -  Россиянын Новосибирск шаарынын «Хилок» базарынын жанындагы массалык мушташка шектелип кармалгандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу кечээ, 9-октябрда АКИpress агенттигине Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, Новосибирсктеги мушташка катыштыгы бар делип кармалгандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок», - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Буга чейин ИИМ полиция Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексиндеги 213-берене (бейбаштык) жана 163-берене (опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иш козгоп, мушташка катышкан жарандарды издеп жатканын маалымдаган.

АКИpress агенттигине Новосибирсктеги кыргыз диаспорасынын өкүлү Жаркынбай Тойтуков билдиргендей, мушташ 7-октябрда болжол менен саат 15:00 чамасында болгон. Алдын ала версия боюнча, кыргызстандык жарандын бир нече мекендешинен акча талап кылганы мушташтын келип чыгышына себеп болгон.

«Ал жана анын адамдары биздин мекендештерди сабап, акча талап кылып, базарда иштөөгө тоскоол болушкан», - деген Тойтуков.

Соодагерлер мындай мамилеге чыдабай кыргызстандык жаранга тийиштүү «Инфинити» үлгүсүндөгү унааны өрттөп салышкан. «Кечээ окуя болгон жерге биздин консул барган. Учурда абал туруктуу», - деп белгилеген ал.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком