00:54, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте милиционер менен 25 жаштагы жигиттин чыры ок атуу менен аяктады. Окуянын чоо-жайы

На русском
08:35, 10 тогуздун айы 2019 227

Баракелде -  Бишкек шаарында милиция кызматкери менен 25 жаштагы жигиттин ортосунда чыккан жаңжалдын чоо-жайы боюнча Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Кечээ, 9-октябрда болжол менен саат 08:00 чамасында 102 кызматына Масалиев менен Алымкулов көчөлөрүнүн кесилишинде эки эркек адамдын мушташканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Ленин РИИБдин кызматкерлери жөнөп кеткен.

Милиционерлер алган баштапкы маалыматтарга караганда, болжол менен саат 08:20 чамасында аталган тилкеде эки айдоочу жол талашкан.

«Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Нурлан Амангулов өзүн Бишкек ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы бөлүмүнүн башчысы катары тааныштырган. Ал «Тойота Ремикс» үлгүсүндөгү унаанын 1994-жылы туулган Ж.А. аттуу айдоочусуна жумушка шашып жатканын айткан.

«Бирок экинчи айдоочу [Ж.А.] унаадан түшүп, милиция кызматкерин тоготпой, кайым айтышуудан кийин күтүүсүздөн Амангуловдун бетине чапкан. Андан кийин колуна бир буюм алып коркутуу аракетин баштаган», - деп айтылат маалыматта.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, Амангулов жаш жигиттин токтобой жатканын көрүп травматикалык тапанчадан эскертүү иретинде асманга ок аткан.

«Бирок Ж.А. милиция кызматкерине каршы аракетти уланта бергенде Амангулов анын тарабына ок аткан. Ошондон кийин гана Ж.А. өзүнүн унаасына отуруп, белгисиз тарапка кеткен», - деп айтылды ШИИБдин маалыматында.

Жабырлануучу Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий-изилдөө борборунан табылган. Ал оң колунан жаракат алган. Жабыркаган жигит Ленин РИИБге арыз жазды.

Аталган факт Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком