00:58, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Министр Ч.Айдарбеков Миграция боюнча эл аралык уюмдун башкы директору менен кызматташтык маселелерин талкуулады

На русском
08:02, 10 тогуздун айы 2019 39

Баракелде -  8-октябрда Женевада тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Миграция боюнча эл аралык уюмдун башкы директору Антонио Виторино менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Миграция боюнча эл аралык уюмдун ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын, анын ичинде эл аралык миграция саясаты, эмгек миграциясы жана адам сатууга каршы күрөшүү чөйрөсүнө тиешелүү артыкчылыктуу маселелерди талкуулашты.

Кыргызстан үчүн тышкы миграция маселелеринин маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун эске алуу менен министр Ч.Айдарбеков бул жаатта Кыргызстан менен Миграция боюнча эл аралык уюмдун ортосундагы кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилелди. Ошондой эле министр башкы директорго президентке караштуу чет өлкөдөгү мекендештер менен байланышуу боюнча кеңештин болуп өткөн биринчи жыйыны жөнүндө маалымат берди.

Өз кезегинде Миграция боюнча эл аралык уюмдун башкы директору өлкөдөгү миграциялык саясатты бекемдөө жана жакшыртуу маселелеринде Кыргызстандын аракеттерин белгиледи жана тараптардын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун түзүлгөн деңгээлин оң баалады.

Тараптар өлкөнүн алдында турган милдеттерди чечүү жана өз учурунда таасирденүү максатында Кыргызстан менен Миграция боюнча эл аралык уюмдун ортосундагы жигердүү жана жемиштүү кызматташууну улантууну макулдашты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком