00:52, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна качан кошулган?

22:00, 9 тогуздун айы 2019 83

Баракелде -  Кечээ, 8-октябрда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (БДСУ) башкы директору Роберто Азеведо менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен БДСУнун ортосундагы өз ара кызматташуунун учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Министр Кыргызстан аталган уюмга 1998-жылы советтик өлкөлөрдүн ичинен эң биринчи болуп кошулуп, өнүгүп келе жаткан мамлекет катары бул фактка өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Кыргызстандын БДСУга мүчөлүгүнүн 21 жыл ичинде өлкөнүн соода жүгүртүүсү 1,404 миллиард доллардан 6,672 миллиард долларына чейин, тактап айтканда 4,5 эсеге көбөйгөн. Тышкы соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмүндө БДСУга мүчө өлкөлөр 93,6 пайызды ээлейт, анын ичинде экспортто 89,1 пайыз, импортто 95,2 пайыз.

Мындан сырткары тараптар Кыргызстандын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун алкагындагы бир катар негиз болуучу эл аралык документтерге кошулуу келечегин, ошондой эле өлкөгө карата конвенцияларын жана макулдашууларын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

«Кыргызстан экологиялык таза жана органикалык продукцияны өндүрүүчү жана жабдып туруучу мамлекет катары дүйнөлүк соодада өзгөчө орду бар экендигине көңүл бурулду. Министр Кыргызстан уюмдун катчылыгы менен болгон кызматташтыкты улантууга кызыкдар экендигин билдирип, алар тарабынан кыргыз тарапка үзгүлтүксүз көрсөтүлүп жаткан консультациялык, техникалык жана билим берүү жаатындагы көмөк көрсөтүүсү үчүн ыраазычылыгын айтты.

Өз кезегинде Р.Азеведо Кыргызстандын эл аралык соода жүргүзүүгө кошкон салымын жогору баалап, аны чыңдоо үчүн өлкөнүн жасап жаткан аракеттерине ыраазычылык билдирди», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком