00:57, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Япониянын Кыргызстандагы жаңы элчиси Сигэки Маэданын эмгек жолу

На русском
18:33, 9 тогуздун айы 2019 62
посол  Японии Сигэки Маэда
посол Японии Сигэки Маэда

Баракелде -  Сигэки Маэда Япониянын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалды. 4-октябрда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Сигэки Маэдадан ишеним грамоталардын көчүрмөсүн алды.

Сигэки Маэданын резюмеси:

Билими:

1981-жылы Кэйо университетинин экономика факультетин окуп бүтүргөн.

Эмгек жолу:

- 1981-жылы Япониянын «Жетро» уюмунда иштеген;

- 1989-1993-жылдары «Жетронун» Дюссельдорфтогу өкүлчүлүгүнүн директору;

- 1993-1996-жылдары Эл аралык саясий изилдөөлөр институтунун улук илимий кызматкери;

- 1996-1998-жылдары эл аралык экономикалык изилдөө бөлүмүнүн директорунун ассистенти;

- 1998-2001-жылдары «Жетронун» Нью-Йорктогу өкүлчүлүгүнүн аткаруучу директору;

- 2001-2006-жылдары Түндүк Америка жана Океания боюнча улук координатор;

- 2006-2008-жылдары экспортту өнүктүрүү боюнча директор;

- 2008-2010-жылдары изилдөөнү пландаштыруу боюнча башкы директордун орун басары;

- 2010-2013-жылдары «Жетронун» Сингапурдагы өкүлчүлүгүнүн директору;

- 2013-2015-жылдары Япониянын инвестиция бөлүмүнүн башкы директору;

- 2015-2019-жылдары Япониянын «Жетро» уюмунун тышкы сооданы өнүктүрүү боюнча вице-президентинин милдетин аткаруучу;

- 2019-жылдын октябрь айынан тарта Япониянын Кыргызстандагы элчиси.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком