00:51, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте 22 жаштагы жигит каракчылыкка шектелип кармалды

На русском
17:31, 9 тогуздун айы 2019 85

Баракелде -  Бишкектеги Ак-Ордо конушунда жайгашкан дүкөндөрдүн биринде иштеген адамды бычак менен коркутуп, акча талап кылган жигит кармалды.

ШИИБдин билдирүүсү боюнча, Ленин РИИБге шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 5-октябрь күнү саат 22:30 чамасында Ак-Ордо конушунда жайгашкан дүкөнгө медициналык бет кап кийген жигит келип, бычак менен коркутуп, кассадан акча алууга аракет кылган. Бирок көздөгөнүнө жеткен эмес. Аталган факт Жазык кодексиндеги 202-берене (каракчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ленин РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1997-жылы туулган Т.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.Подозреваемый

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком