00:48, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргыз депутат негиздеген кинофестивалда Хюррем султан калыс болот

На русском
21:05, 15 тогуздун айы 2019 502
Мерьем Узерли
Мерьем Узерли

Баракелде -  «Даңазалуу доор» сериалында Хюрремдин ролун аткарган түркиялык актриса Мерьем Узерли эл аралык Азия кинофестивалында калыс болот. Иш-чара 6-14-ноябрда Американын Калифорния штатында өтөт.

Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, калыстардын курамына Мерьем Узерли (Германия / Түркия), Гука Омарова (Казакстан), Киу Чинь, Сара Финн, Жереми Каган, Тин Тин Сюй, Ирис Ямашита кирген. Ал эми жеңүүчүлөр 5 категорияда: «Мыкты тасма», «Мыкты актер», «Мыкты актриса» деп тандалып, ошондой эле калыстар тарабынан атайын белектер берилет.

Эл аралык Азия кинофестивалы Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген. Фестивалга 50 өлкөдөн: Түркиядан Японияга чейин, Россия, Индия жана Жакынкы Чыгышта тартылган тасмалар катышат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком