03:14, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Райондук сотко И.Илмияновдун 30дай тарапташы келди

На русскомEnglish
10:36, 9 тогуздун айы 2019 107

Баракелде -  Бүгүн, 9-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Президенттик аппараттын мурунку башчысынын мурунку орун басары Икрамжан Илмияновго карата козголгон кылмыш иш боюнча сот отуруму өтөт.

Райондук сотко И.Илмияновдун 30дан ашуун тарапташы чогулду.

Ушул жылдын февраль айында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Президенттик аппараттын жетекчисинин мурунку орун басары Икрамжан Илмияновдун аты аталган кылмыш иш тууралуу айтып берген.

«Тергөөнүн жүрүшүндө фирмалардын биринин жетекчилиги сый акы катары 150 миң доллар бергени аныкталды. Бул акчага аталган фирмага карата козголгон кылмыш иш оң тарапка чечилип, жүк ташыган унаалар камактан чыгарылып, өлкө аймагынан алып кетишкен», - деген Сагынбаев.

Ал бул кылмыш иш боюнча Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерине да айып тагылганын кошумчалаган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком