05:23, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 2020
23:46, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020975 Видео — Ысык-Көлдөгү тоо текелер
21:40, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020104 Сүрөт: Бишкектеги жолдорго 199 тонна туз себилди
21:30, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 20205341 Сүрөт — Кырктын кырындагы кыргызстандык баатыр энелер
20:34, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020156 UFC: Антонина Шевченконун кезектеги атаандашы ким?
18:26, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020212 27-январга карата аба ырайы
Учурда окулуп жатат
21:30, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020 (6 адам окуп жатат)
Сүрөт — Кырктын кырындагы кыргызстандык баатыр энелер
23:46, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020 (5 адам окуп жатат)
Видео — Ысык-Көлдөгү тоо текелер
11:01, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (3 адам окуп жатат)
Сүрөт — Ноокатта баатырдын ысымы эки коңшулаш айылга берилген

«Таажы эмес, намыс кымбат»: Тажикстандагы эң сулуу кыз сынакта жарым жылаңач чыгуудан баш тартты

На русском
10:18, Тогуздун айынын тогузу, 2019 6724

Баракелде -  «Тажикстан сулуусу» сынагынын жеңүүчүсү Сабрина Зухурова «Miss Tourism World» сынагында ачык кийим (бикини) кийип чыгуудан баш тартты. Бул тууралуу «Азия плюс» басылмасы жазып чыкты.

Сабрина Зухурова «Miss Tourism World» сулуулар сынагынын бир нече этабынан өтүп, эң мыкты 5 катышуучунун тизмесине кошулган. Бирок ал бикини менен бийлөөдөн баш тартып, калыстар анын 50 упайын алып коюшкан.

«Бикини менен чыгуудан баш тарттым. Мага таажы эмес, намыс кымбат. Түз эфирде Тажикстандын сулуусу бикини менен чыгуудан баш тартканын айтканда баары таң калып калышты. Бирок мен сыймыктандым», - деди Сабрина.

Сабринанын айтымында, ал ачык кийим менен бийлей турганын билбей, улуттук бий даярдап барган.

«Биз калыстардын алдына боёнбой, чачыбызды жасабай чыгышыбыз керек болчу. Эң мыкты 5 кыздын арасына кирүүгө үмүттөнүп жаткам, жыйынтыгында тизмеге кирдим», - деп кошумчалады Сабрина.

Кытайда өтүп жаткан «Miss Tourism World» 20-августта башталган. Сынакка дүйнөнүн 90 өлкөсүнүн өкүлдөрү катышууда. Ал эми финал эртең, 10-октябрда өтөт.

Сабрина бул сынакка кокустан катышып калган. Уюштуруучулар аны социалдык тармактан көрүп калып, сынакка чакырышкан. Жыйынтыгында Сабрина Тажикстандын атынан катышууга макул болгон.

Ал 1995-жылы 13-октябрда төрөлгөн. Буга чейин Ташкенттеги «Miss Union» сынагында 1-орунду алса, башка сулуулар сынактарында ар кандай наамдарга ээ болгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком