00:51, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Базардан жол тандабас менен чыгып кеткен. Бишкекте 38 жаштагы ишкер дайынсыз жоголду

На русском
15:46, 8 тогуздун айы 2019 1462

Баракелде -  Бишкек шаарында 4-октябрда өзүнүн автоунаасы менен «Мадина» базарынан чыгып кеткен Хуфур үйүнө келген эмес. Аны туугандары жана милиция кызматкерлери издеп жатат.

ШИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 5-октябрда Свердлов РИИБге И.З. аттуу жаран азыр менен кайрылган. Анын айтымында, 38 жаштагы агасы Хуфур Абдурахмен 4-октябрда саат 18:00 чамасында «Мадина» базарынан мамлекеттик номуру 03KG260ABJ болгон «БМВ Х5» үлгүсүндөгү унаа менен үйүнө кеткен бойдон дайынсыз. Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

АКИpress агенттигине өздүк булактар билдиргендей, дайынсыз болуп жаткан ишкер «Мадина» кафесинин ээси.

Белгилери: бою 170 см, чачы кыска жана кара түстө.

Кийген кийимдери: кара түстөгү шым, кызыл түстөгү кофта, көк түстөгү куртка.

Хуфур Абурахеман тууралуу маалымат билгендер 0 (553)102-566, 0 (772) 052-000, 0 (702) 498-888, 0 (0552) 102-743 телефон номурлары аркылуу же «102» кызматына кабарласа болот.

Сүрөттө Хуфур Абдурахмендин унаасына окшош «БМВ Х5» көрсөтүлгөн.


Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком