00:49, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт: Жаңы жол белгилер пайда болду

На русскомEnglish
08:55, 9 тогуздун айы 2019 649
Жаңы жол белгилер
Жаңы жол белгилер

Баракелде -  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө чет өлкөлөрдө сыноодон өткөн жана жакшы натыйжа көрсөткөн «Жаңыдан баштаган айдоочу», «Таксомотор (такси)» жаңы белгилери киргизилди. Бул тууралуу кечээ, 8-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүн «1999-жылдын 4-августундагы №421 «Жолдо жүрүү эрежелерин жана транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча негизги жоболорду бекитүү тууралуу» токтомуна премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул документтин актуалдуулугу жол коопсуздугу тутумун реформалоого шартталган.

«Таксомотор (такси)» белгисинин киргизилиши такси паркын бирдиктүү тартипке (формага) алып келип, жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү коммерциялык жол менен ташуу бөлүмү боюнча бир катар ченемдик-укуктук актылардын жүзөгө ашырылышын шарттайт.

69994_w_h500_r

«Жаңыдан баштаган айдоочу» белгисинин киргизилиши жаш айдоочулардын унаа жолдордо транспорт каражаттарын башкарууда ар кандай күтүүсүз кырдаалдын алдын алууну шарттайт. Мисалы, айдоочулар бул белгиси бар транспоротторго карата коопсуз аралыкты – интервалды сактап, ошондой эле алар чыгаарда жол бошотуп беришет.

69993_w_h500_r

Мындан тышкары Кыргызстандын мыйзамдары менен Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн мыйзамдарынын, анын ичинде ЕАЭБдин «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламенти менен айкалышына шарт түзөт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком