00:58, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт, видео: Новосибирсктеги кыргызстандыктар катышкан массалык мушташ

На русскомEnglish
11:13, 8 тогуздун айы 2019 1153

Баракелде -  Россиянын Новосибирск шаарынын «Хилок» базарынын жанында кыргызстандык жарандардын катышуусунда массалык мушташ болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда АКИpress агенттигине Новосибирсктеги кыргыз диаспорасынын өкүлү Жаркынбай Тойтуков билдирди.

Анын айтымына караганда, мушташ кечээ, 7-октябрда болжол менен саат 15:00 чамасында болгон. Алдын ала версия боюнча, кыргызстандык жарандын бир нече мекендешинен акча талап кылганы мушташтын келип чыгышына себеп болгон.

«Ал жана анын адамдары биздин мекендештерди сабап, акча талап кылып, базарда иштөөгө тоскоол болушкан», - деди Тойтуков.

Соодагерлер мындай мамилеге чыдабай кыргызстандык жаранга тийиштүү «Инфинити» үлгүсүндөгү унааны өрттөп салышкан. «Кечээ окуя болгон жерге биздин консул барган. Учурда абал туруктуу», - деп белгиледи ал.

Россиянын «Вести» басылмасы билдиргендей, массалык мушташка 200дөй адам катышкан. Анын ичинен 50 адам полиция кызматкерлери тарабынан кармалды.

«Мушташ болгон жерге барган аймактык милиционер эскертүү иретинде бир нече жолу асманга ок аткан. Андан кийин кошумча күч чакырган», - деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге укук коргоо органдары, полициянын атайын даярдыктагы отрядынын аскерлери барышкан.

«Новосибирск онлайн» басылмасы билдиргендей, резина октон жаракат алган 5 адам ооруканага кайрылган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком