00:55, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сот залынан качып кеткен кылмыштуу топтун мүчөсү 10 айдан кийин кармалды

На русском
13:22, 7 тогуздун айы 2019 2398
// Пресс-служба ГУВД Чуйской области

Баракелде -  Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосуна алынган шектүү Октябрь райондук сотунан качып кеткен. Ал 10 айдан кийин табылганын Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, 30 жаштагы К.М. 2019-жылы январь айында сот залынан качып кеткенге жетишкен. Криминалдык милициянын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери анын жүргөн жерин аныкташты. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү К.М. кармоо учурунда каршылык көрсөткөн.

«Шектүү атайын операция учурунда кармалып, Октябрь РИИБдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком