00:57, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Президент менен жолугушканда Атамбаевди үй камагына чыгаруу маселесин көтөрдүм, - А.Бекназаров

На русском
12:51, 7 тогуздун айы 2019 1508

Баракелде -  Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен президент Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусунда өзүмдүн позициямды айтып, Атамбаевди үй камагына чыгаруу тууралуу маселе көтөрдүм, деп билдирди саясатчы Азимбек Бекназаров бүгүн, 7-октябрда АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында.

Анын айтымында, өлкөдө мурунку президенттерге карата жаман тажрыйба түзүлдү.

«Биздин элдин тарыхында бир дагы падыша мурунку падышаны түрмөгө камаган эмес. Чындыгында өлтүрүшкөн, бирок камашкан эмес. Мурунку өлкө башчыны үй камагына алуу дүйнөлүк практикада бар. Мисалы, Түркияда ушундай болгон. Мен аны "Ала-Арча" резиденциясында үй камагына алууну сунуштайм. Биз камактагыларды жазалабай, кайрадан тарбиялашыбыз керек», - деди ал.

Бекназаров: «Кой-Ташта жасагандарына жооп берсин. Калган айыптоолор боюнча айта албайм», - деди.

Ал Убактылуу өкмөттүн бир дагы мүчөсү анын позициясын колдобогонун айтты.

Алмазбек Атамбаев 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө кармалган. 7-8-августтагы баш аламандыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 100дөн ашык адам жаракат алды. Ал эми Атамбаев бир нече берене боюнча шектелип жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком