00:49, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сокулукта эркек кишинин жансыз денеси табылды (сүрөттөн абайлаңыз)

На русском
12:33, 7 тогуздун айы 2019 2809

Баракелде -  Сокулукта эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн билдирүүсү боюнча, 4-октябрда Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Совхоз-Фрунзе айылында 30-35 жаштагы эркек кишинин зомбулук менен өлтүрүлгөн жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Белгилери: бою болжол менен 170-175 см, арыкчырай, бет түзүлүшү тоголок, чачы, кашы кара.

Кийген кийимдери: «FILA-ORIGINAL» деген жазуусу бар көк түстөгү кофта, көк жинсы шым, бутунда кара түстөгү байпак, мойнуна күмүш чынжырын тагынып жүргөн.

Өзгөчө белгилери: сол колунда татуировкасы бар, алдыңкы бир тиши сары металлдан жасалган.

Милиция маркумдун өздүгүн тактоого жардам сурайт. Ал тууралуу маалымат билгендер Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 0701 801803, 03134 53380 телефон номурлары аркылуу кабарласа болот.

фото

фото

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком