00:48, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Стюардесса кызга үйлөнүп, спортчу айым менен мамилеси тууралуу ушактар… Путин 67 жашта

15:40, 7 тогуздун айы 2019 5500

Баракелде -  Бүгүн, 7-октябрда Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин 67 жашка чыкты. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кесиптешине куттуктоо жөнөтүп, бекем ден соолук, жакшылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

«Баракелде» басылмасы россиялыктардын лидери тууралуу кызыктуу маалыматтарды топтоду.

-------------------------------------------------------------

Владимир Путин 1952-жылы 7-октябрда Ленинградда төрөлгөн.

«Мен жөнөкөй үй-бүлөдөнмүн. Катардагы адамдардай эле жашадым жана менде бул байланыш дайыма сакталып калат», - деп эскерет Путин.

Өздүк архивдеги сүрөт

Фото из личного архива Владимира Путина

В.Путиндин апасы Мария Ивановна Шеломова тууралуу айткан сөзү:

«Жөнөкөй жашачубуз. Ошондуктан котлета, куймак жасачубуз. Ал эми эс алуу жана майрам күндөрү апам даамдуу токочторду жасап берчү.

Апам дзюдо менен машыгуумду колдочу эмес. Машыгууга бара жатканда дайыма "дагы мушташканы кеттиңби?" деп айтчу».

В.Путиндин атасы — Владимир Спиридонович Путин согуштун ардагери. Ал жубайы менен 17 жашында баш кошкон.

-------------------------------------------------------------

Путин окуучулук күндөрүн эскерип: «Пионер эмес, бейбаш болчумун», - деген.

Ал эми келечектеги президенттин мугалими Вера Дмитриевна Гуревич: «Ал 5-классында өзүн анча деле көрсөткөн эмес, бирок анын потенциалын, энергиясын сезгем. Ал тил үйрөнүүгө абдан кызыгып, бат өздөштүрчү. Анын эс-тутуму абдан жакшы болчу. Бул баладан бир нерсе чыгат деп ойлочумун. Ага көбүрөөк көңүл буруп, көчө балдары менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берген жокмун», - деп эскерген.

Путин 6-класстан кийин жакшы окуп баштап, пионерлердин отрядына кабыл алынып, отрядга төрага да болгон.

-------------------------------------------------------------

Владимир Путинди мурунку жубайы Людмила Шкребнева менен досу тааныштырган. Людмила ички каттамдарда стюардесса болуп иштеген. Путин менен Шкребнева 1983-жылы баш кошуп, 2013-жылы ажырашкан. Экөөнүн Мария жана Екатерина аттуу кыздары бар.

Өздүк архивдеги сүрөт

Фото из личного архива Владимира Путина

-------------------------------------------------------------

Владимир Путин премьер-министр болуп да иштеген.

Путин полиглот

-------------------------------------------------------------

Владимир Путин менен спортчу Алина Кабаеванын сүйүү мамилеси тууралуу россиялык жана чет элдик басылмалар бир нече жолу жазышкан. 2008-жылы «Москвалык кабарчы» («Московский корреспондент») басылмасында Путин менен Кабаева үйлөнүү той өткөргөнү жатканы тууралуу маалымат пайда болгон. Бул маалыматты белгилүү «Spiegel», «Stern», «Die Welt», «Die Presse» сыяктуу басылмалар да жазган. Бул макала жарык көргөнүнө 1 жума болгондо маалымат жыйындардын биринде Путин аталган маалыматтагы бир дагы сөз чын эмес экенин билдирген.

2019-жылы 7-майда белгилүү гимнаст Алина Кабаева эгиз ымыркайларын Москва шаарынын В.Кулаков атындагы төрөт үйүндө жарыкка алып келгенин россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышкан. Бирок үй-бүлөсүн сыр туткан Алина Кабаева бул маалыматты тастыктаган эмес.

Бир нече басылмалар булактарга шилтеме берүү менен Алина Кабаева эгиз уул төрөгөндүгүн жазышкан эле. Маалыматтарга караганда, төрөт үйдү күзөтчүлөр кайтарууга алган. Ал эми жаңы төрөлгөн уулдары башка ооруканага которулган.

2013-жылы Алина Кабаева маегинде эч качан балалуу болбогондугун айткан. Ошондой эле мурун анын эне болгондугу тууралуу ушактар тараган.

Алина Кабаева родила от Путина - все об отношениях Кабаєвой и Путина

-------------------------------------------------------------

Кыргызстанда Путин атындагы чоку бар.

В Киргизии есть пик Владимира Путина

-------------------------------------------------------------

Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президент туулган күнүн жакындары менен өткөрө турганын билдирди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком