17:31, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Видео — Кытай мамлекети тарыхындагы эң чоң парад өткөрдү

На русском
15:43, 1 тогуздун айы 2019 362

Баракелде -  Бүгүн, 1-октябрда Кытай Эл Республикасы түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгын белгилеп жатат. Анда өлкөнүн тарыхындагы эң чоң парад уюштурулду. Бул тууралуу «Reuters» басылмасы билдирди.

Парад Пекин шаарынын «Тяньаньмэнь» аянтында өтүп, ага 15 миңдей аскер кызматкери, 150дөн ашык учак, 580 танк жана башка аскердик техниканын түрлөрү катышты. Аскердик парадды Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин кабыл алды.


Ал эми «РИА Новости» басылмасынын билдирүүсү боюнча, параддын алкагында Кытай өлкөсү DF-41 ("Дунфэн-41") жаңы баллистикалык ракетасын, ошондой эле учкучу жок «GJ-11» менен «WZ-8» учагын көрсөтүшкөн.

Мындан сырткары учкучу жок «HSU001» аталышындагы суу аппараты көрсөтүлдү. Бул аппарат суу алдындагы маалыматтарды топтоого арналган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком