08:39, 14 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте эрежесиз эр таймаш боюнча турнир өтөт. Байгеде «Тойота Камри» унаасы

На русском
17:00, 27 аяк оона 2019 528
Toyota Camry 50
Toyota Camry 50

Баракелде -  Бишкек шаарында Бүткүл дүйнөлүк кулатуу федерациясынын алдында «WEF 74. Grand Prix 2» аталышындагы экинчи турнир өтөт. Турнир 27-октябрда башталат.

Бул турнирде чемпиондук кур үчүн 57 киллограмм салмакка чейинки спортчулар күч сынашат. Алардын ичинде учурдагы чемпион Мырзамидин Пазылов жана экс-чемпион Ариет Бекишов бар.

Ал эми жеңүүчүсү «WEF Grand Prix 2» чемпиондук курун, ошондой эле «Тойота Камри 50» үлгүсүндөгү унаага ээ болот.

------------------------------------------

Буга чейин Канат Келдибеков («Тайсон») кулатуу боюнча WEF 74. Grand Prix 1 турниринин жеңүүчүсү болгон. Турнир 21-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөн.

66 килограммга чейинки салмактагы 16 мушкер катышкан турнирдин 1/8 финалында К.Келдибеков Бекмамат Абдибает уулун утуп, чейрек финалда Бекболот Абдылда уулун жеңип алган.

Ал эми финалга жолдомо алуу үчүн Келдибеков Алимардан Абдыкааров менен беттешип, атаандашы 23-секундда башына катуу сокку узаткан. Абдыкааров атаандашын дагы бир нече ирет согууга жетишип, бирок Келдибеков кайра чабуул жасаган. «Тайсон» атаандашынын мойнунан кармап, муунтуу ыкмасын колдонуп, жеңип алган. Финалдык беттеште да Келдибеков Немат Абдрашитовду аталган ыкма аркылуу уткан.

Жыйынтыгында Канат Келдибеков Бүткүл дүйнөлүк кулатуу федерациясынын чемпиондук курун жана башкы байге — «Мерседес-Бенц» унаасын алган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком