16:37, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул
15:21, 13 бештин айы 201919 14-декабрга карата аба ырайы

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү маселелери талкууланды

На русском
11:39, 26 аяк оона 2019 83

Баракелде -  Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын жаштар жана спорт министри Мехмет Касапоглу менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Элчи менен министр IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча макулдашууга кол коюуга даяр экендигин белгилешти. Министр М.Касапоглу жакынкы арада IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү убактысын жана жерин билдире турганын маалымдады.

К.Өмүралиев жана М.Касапоглу Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы спорт тармагында өз ара кызматташууга жана тажрыйба алмашуу жөнүндө макулдашууга келишти.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком