15:09, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202043 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (81 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
12:18, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (25 адам окуп жатат)
Ат-Башыдагы митингге атчандар дагы келишти. Сүрөт

USAID'ден кыргызстандык окуучуларга белек

11:04, Аяк оона айынын жыйырма беши, 2019 1218

Баракелде -  Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги Кыргызстандагы мектептерге башталгыч класстар үчүн 384 миң 250 даана окуу китептерин белекке берет. Китептерди тапшыруу аземи эртең, 26-сентябрда Бишкек шаарында өтө турганын USAID'дин «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун адиси Улукбек Аданбаев билдирди.

Китептер аталган долбоордун алкагында даярдалып, басылып чыккан. Бул долбоор Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташып, башталгыч класстардагы окуучулардын окуу көндүмдөрүн өркүндөтүү максатын көздөйт.

«Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында Кыргызстандын аймагындагы мектептерге буга чейин да — 2019-жылдын март айында 114 миңден ашык окуу китептери тапшырылган болчу. Ошондой эле USAID «Келгиле, окуйбуз!» долбоору аркылуу 2020-жылга чейин кыргызстандык окуучуларга 1,2 млн даана китептерди берүүнү пландап жатат.

Эртеңки иш-чарага өлкөнүн аймактарынан долбоордун алкагында чогулган мугалимдер, билим берүү жана илим министринин орун басары жана USAID'дин өкүлчүлүгүнүн директору Гэри Линден катышат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком